Кыргызстандын Казакстандагы Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов менен жолугушту

Ушул жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстан Республикасынын Билим берүү жана илим министри Асхат Аймагамбетов менен жолугушту.

Жолугуушууда тараптар эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташууну жана эӊ жогорку жана жогорку деӊгээлдеги макулдашууларды ишке ашырылып жаткандыгы тууралуу талкуулашты.

Тараптардын жогорку окуу жайларында гранттык орундардын санын өз ара көбөйтүү жана Бишкек шаарында Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалынын ачылышы тууралуу маселелерине өзгөчө көӊүл бурушту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK