Кыргызстандын Казакстандагы Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министри Аскар Умаров менен жолугушту
2022-жылы 5-августта Кыргызстандын Казакстандагы Элчиси Дастан Дюшекеев Казакстандын Маалымат жана социалдык өнүктүрүү министри Аскар Умаров менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар маалымат чөйрөсүндөгү кыргыз-казак кызматташтыгынын негизги багыттарын, анын ичинде ү.ж. 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында айтылган региондо бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү боюнча Борбор Азия мамлекеттеринин Президенттеринин сунушун ишке ашырууну талкуулашты.
Жолугушууда 2022-жылдын октябрында Казакстан Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Маданият күндөрүнүн алкагындагы иш-чараларды маалыматтык камсыздоо маселелери да козголду.
Жолугушуунун жыйынтыгында казак тарап пландаштырылган иш-чараларды өткөрүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экендигине ишендирди. Тараптар боордош элдердин маданиятын жана каада-салтын жайылтуу боюнча жигердүү кызматташууну улантууга даяр экендиктерин билдиришти.