Кыргызстандын Кувейттеги Элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Аль-Жахра провинциясынын губернатору Насер Фалах Аль-Хажраф менен жолугушту

2021-жылдын 1-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейттин маданий-тарыхый жана алыскы администрациялык бирдиги Аль-Жахра провинциясынын губернатору Насер Фалах Мубарак Аль-Хажраф менен жолугушту.

Провинция жетекчиси Насер Фалах Аль-Хажраф 2021-жылдын жайында кувейттик чоң топ менен биргеликте Кыргызстанга болгон сапардын таасири тууралуу айтып берип, Ыссык-Көл жана Суусамыр өрөөндөрү, кыргызстандыктардын сабаттуулугу жана меймандостугу, жогорку маданияты тууралуу белгилеп кетти.

Өз кезегинде Элчи А.Карагулов провинция башчысын Элчиликтин келечектеги пландары, анын ичинде жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги расмий сапарларды уюштуруу, мекемелер аралык кызматташыткты жандантуу, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосунда байланышты бекемдөөгө көмөк көрсөтүүлөрү менен тааныштырды. Ошондой эле ал, губернатор Н.Аль-Хажрафты Кыргызстанга провинциядагы ишкерлер жана инвесторлор менен келип кетүүгө чакырып, өлкөнүн туристтик жана азык-түлүк тармагына инвестицияларды тартууга көмөк көрсөтүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK