Кыргызстандын Кувейттеги Элчиси Азамат Карагулов Кувейттин Ички иштер министри шейх Тамер Али Сабах Аль-Салим Аль Сабах менен жолугушту

2021-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азамат Карагулов Кувейт Мамлекетинин Ички иштер министри шейх Тамер Али Сабах Аль-Салим Аль Сабах менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Элчи А.Карагулов, Министрди кыргыз-кувейт мамилелерин өнүктүрүүдөгү Элчиликтин ишмердүүлүгүнүн натыйжалары жана келечектеги пландары тууралуу тааныштырды. Ошондой эле эки өлкөнүн мекемелеринин ортосундагы байланыштарды бекемдөө, анын ичинде Ички иштер министрликтеринин ортосунда байланышты орнотуп, КР Президентинин Эль-Кувейтке пландаштырылган сапарынын алкагында эки өлкөнүн ИИМдеринин ортосунда  эки тараптуу макулдашууга кол коюуга даярдыгы боюнча айтып берди.

Кувейттин Ички иштер министри шейх Тамер Аль Сабах Элчиликтин эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүдө аткарып жаткан аракеттерин жогору баалап, мекемелер ортосунда тыгыз иш алып барууга даярдыгын билдирди. Аны менен бирге, артыкчылыктуу багыттардын катарында терроризм жана экстремизм менен күрөшүү, акча адалдоо жана эл аралык террордук уюмдарды каржылоонун алдын алуу боюнча тармактарды белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар, Кувейт Мамлекетине визаны онлайн режиминде алуучу өлкөлөрдүн тизмесине Кыргыз Республикасынын жарандарын кошууну талкуулады. Жыйынтыгында Элчи А.Карагулов Кувейттин коопсуздук тармагындагы эл аралык демилгелерине кыргыз тарабынын ачык экендигин билдирип, шейх Тамер Али Аль Сабахты Кыргызстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK