Кыргызстандын Латвиядагы Элчиси Эрмек Ибраимов Латвиянын Сеймдин Вице-спикери Дагмара Бейтнере-Ле Галла айым менен онлайн жолугушуу өткөрдү

Коронавирус илдетинин дүйнөдө таралышына байланыштуу, ошондой эле латвиялык тарабынан киргизилген чектөөлөрүн эске алуу менен бирге, 2021-жылдын 11-октябрында резиденциясы Минск шаарында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Латвия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Эрмек Ибраимовдун Латвия Республикасынын Сеймдин Вице-спикери Дагмара Бейтнере-Ле Галла айым менен онлайн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар парламенттер аралык кызматташуусунун алкагында, ошондой эле парламенттер аралык достук тобунун башчыларынын деңгээлинде өз ара визиттерди жана эки тараптуу күн тартибиндеги кызматташтыгынын бир катар маанилүү маселелерди талкуулашты.

Кыргыз тарабы үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрында Бишкек шаарында өтө турган Европа Биримдиги–Борбордук Азия Биринчи экономикалык форумга катышуу үчүн Латвиядан олуттуу расмий жана бизнес делегациясын күтүүдө.

Ушул жылдын 28-ноябрында КР Жогорку Кеңешине боло турган парламенттик шайлоолорго байланыштуу Латвия Республикасынын Сеймдин Вице-спикери тынч кырдаалда өтүүсүнө, андан ары КР ЖК жаңы курамы менен жемиштүү кызматташтыкка ишеним билдирди. Ошону менен бирге, 2022-жылы Латвияда да парламенттик шайлоо болот деп белгилеп кетти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK