Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси У.А.Тотуяев Пакистандын Тышкы иштер иинистринин орун басары М.А.А.Куреши менен жолукту

Ушул жылдын 26-январында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси У.А.Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары М.А.А.Куреши менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин талкуулашты, анын ичинде эң жогорку жана жогорку деңгээлдердеги визиттер менен алмашуу, соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташуу боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын өткөрүү, Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы регулярдуу авиакаттамдарды түзүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын медициналык жогорку окуу жайларын Пакистан медициналык комиссиясынын "кара тизмесинен" чыгаруу.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK