Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Коммерция министри Сайед Навид Камар менен жолугушту

2022-жылдын 11-августунда Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Коммерция министри Сайед Навид Камар менен жолугушуп, кыргыз-пакистан кызматташтыгынын эки тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык, инвестициялык жана техникалык кызматташууну талкуулашты.

Тараптар соода жүгүртүүнү көбөйтүүдө биргелешкен жигердүү иштерди жүргүзүүнүн, ошондой эле айыл чарба, тоо-кен, фармацевтика жана текстиль өнөр жайы, энергетика, өнөр жай жана туризм сыяктуу тармактарда өз ара аракеттенүүнүн жана CASA-1000 сыяктуу актуалдуу региондук долбоорлорду ишке ашыруунун зарылчылыгы баса белгилешти.

Элчи У.Тотуяев жогоруда айтылган маселелерди алдыга жылдыруу максатында соода-экономикалык чөйрөдө соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны жана биргелешкен бизнес-форумдары сыяктуу эки тараптуу иш-чараларды өз убагында өткөрүүнүн жана ошондой эле инвестициялык фонддорду түзүү аркылуу инвестиция чөйрөсүндө кызматташууну өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Өз кезегинде министр С.Н.Камар эки өлкөнүн ортосунда өнүгүү үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөр бар экендигине макул болуп, буга байланыштуу пландарды ишке ашыруу үчүн кыргыз тарабы менен активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK