Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Коммерция министрлигинин катчысы Мухаммад Суалех Ахмад Фаруки менен жолугушту

Ушул жылдын 13-декабрында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистан Ислам Республикасынын Коммерция министрлигинин катчысы Мухаммад Суалех Ахмад Фаруки менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө элчи У.Тотуяев Кыргызстандын соода-экономикалык потенциалы жана, атап айтканда, кабыл алуучу өлкө менен энергетика, айыл чарба, текстиль өнөр жай сыяктуу чөйрөлөрүндө өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары боюнча кыскача маалымат берди.

Өз кезегинде М.Фаруки жогоруда аталган багыттар боюнча кыргыз тарабы менен өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, ошондой эле сооданы активдештирүү максатында эки өлкөнүн ортосунда түз транспорттук байланыштарды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ал жогоруда аталган маселелерди иштеп чыгууда мүмкүн болгон жардамды көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Тараптар жакынкы арада эки өлкөнүн ортосундагы сооданы өнүктүрүү боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу максатында Кыргызстан менен Пакистандын компетенттүү органдарынын онлайн жолугушуусун жана соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын уюштурууну макулдашышты жана ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы байланыштарды бекемдөө үчүн бизнес өкүлдөрүнүн өз ара иш сапарларын уюштурунун зарылдыгын белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK