Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Премьер-министринин соода жана инвестиция боюнча федералдык министр даражасындагы кеңешчиси Абдул Разак Дауд менен жолугушту
Ушул жылдын 30-ноябрында Кыргыз тараптын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын Пакистандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Премьер-министринин соода жана инвестиция боюнча федералдык министр даражасындагы кеңешчиси Абдул Разак Дауд мырза менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өлкөлөр ортосундагы соода-инвестициялык өз ара аракеттенүүнүн абалын жана келечегин кеңири талкуулашты, ошондой эле экономикалык чөйрөдө эки тараптуу байланыштарды арттыруу боюнча мындан аркы аракеттердин алгоритмин макулдашышты.
Элчи У.Тотуяев Пакистан тарапка учурда Кыргызстандагы социалдык-экономикалык жана ички саясий абал тууралуу кеңири маалымат берип, өлкө жетекчилиги тарабынан чет элдик инвесторлорду коргоо боюнча көрүлүп жаткан чараларга токтолду.
Тараптар ошондой эле ВСП+ макамынын болушун жана Кыргызстандын ЕАЭБге мүчөлүгүн эске алуу менен эки өлкөнүн түрдүү тармактарда, анын ичинде айыл чарба, тамак-аш кайра иштетүү, энергетика, текстиль жана фармацевтика тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу потенциалын талкуулашты.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн ортосундагы бардык деңгээлдеги соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого даяр экендиктерин ырасташты.