Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Синд провинциясынын Башкы министри, Губернатору жана Карачи шаарынын Администратору менен жолугушту

Үстүбүздөгү жылдын 24-январында Карачи шаарына болгон жумушчу иш сапарынын алкагында, Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяевдин Пакистандын Синд провинциясынын Башкы министри, Губернатору жана Карачи шаарынын Администратору менен эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү.

Элчи У.Тотуяевдин Синд провинциясынын губернатору Камран Тессори менен болгон жолугушуусунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасында биргелешкен ишканаларды түзүү аркылуу соода-экономикалык чөйрөдө кыргыз-пакистан кызматташтыгын активдештирүү маселелерин талкуулашты. Маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоо, маданият күндөрүн, спорттук жана башка иш-чараларды уюштуруунун маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Элчи У.Тотуяевдин Карачи шаарынын Администратору Сайед Саиф ур-Рехман менен жолугушуусунун алкагында Кыргыз Республикасынын шаарлары менен боордош шаар мамилелерин түзүү, аймактар аралык кызматташтыкты чыңдоо, кыргыз компанияларынын Карачинин деңиз портторуна мүмкүнчүлүк алуу маселелери талкууланды. Тараптар билим берүү, туризм жана Бишкек менен Карачи шаарларынын ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдарын ачуу маселелерин өзүнчө козгошту. Ишкердик байланыштарды чыңдоо үчүн бизнес-делегациялардын Кыргыз Республикасына жана Карачиге иш сапарларын уюштурууну макулдашышты.

Элчи У.Тотуяев Карачи шаарында Кыргызстандын соода үйүн ачуу пландары тууралуу маалымдады.

Ошол эле күнү Синддин башкы министри Мухаммад Сайед Али Шах менен жолугушуусу болуп өттү, анын жүрүшүндө тараптар буюмдардын ар кандай түрлөрүн экспорттоо-импорттоо жана инвестициялык кызматташтыкты түзүү маселелери кеңири талкуулашты. Синд провинциясынын мамлекеттик органдарынын делегациясынын Кыргыз Республикасына иш сапарын уюштуруунун зарылчылыгын белгилешти.

Элчи У.Тотуяев маектештерге Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалы, ошондой эле инвесторлор үчүн болгон преференциялары тууралуу маалымат берип, фармацевтика, айыл чарба, өнөр жай, жана башка чөйрөлөрдө иш алып барган компанияларды бул мүмкүнчүлүктөрдү активдүү пайдаланууга чакырды. Ал бизнес-коомчулукту жакынкы арада пландаштырылган кыргыз-пакистан бизнес форумуна катышууга чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK