Кыргызстандын Пакистандагы Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) департаментинин Башкы директору Акса Наваз айым менен жолугушту

2022-жылдын 8-мартында Кыргыз Республикасынын Пакистан Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Уланбек Тотуяев Пакистандын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия өлкөлөрү жана Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) департаментинин Башкы директору Акса Наваз айым менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаевдин Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги сессиясына катышуусун, соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык боюнча кыргыз-пакистан өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйынын, ошондой эле эң жогорку жана жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды өткөрүүнү талкуулашты.

Кыргызстан менен Пакистандын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Элчиси У.Тотуяев эки тараптуу саясий байланыштарды активдештирүүнү, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөнүн алкагында иш-чараларды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуштады.

Пакистан тарабы эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди тереңдетүүгө жана активдештирүүгө даяр экенин ырастап, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин илгерилетүү боюнча күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK