Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинде кылмыш жасоодо, ошондой эле Россия Федерациясында жаза өтөөдө айыпталган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары менен жолугушуу өткөрүлдү

Ушул жылдын 25-августунда Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинде кылмыш жасоодо, ошондой эле Россия Федерациясында жаза өтөөдө айыпталган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары менен жолугушуу өткөрүлдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Россия Федерациясында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан жасалган кылмыштардын көбөйүшүнө байланыштуу актуалдуу маселелер, ошондой эле бангизаттарын мыйзамсыз жүгүртүү, коомдук тартипти бузуу, массалык мушташууларга катышуу маселелери талкууланды.

Ошону менен бирге, жолугушуунун катышуучуларына жазык ишин кароо тартиби, соттолгондордун укуктары, жазык мыйзамында далилдөө, жазаны дайындоо жана өтөө, ошондой эле соттолгондордун жазасын Кыргыз Республикасына өтөөгө которуу тартиби боюнча кеңири юридикалык кеңештер берилди. Консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын соттолгон жарандарынын ата-энелеринин ар бири менен жеке иш жүргүзүлдү.

Талкуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кызматкерлери жолугушууга катышып жаткан жарандардын бардык суроолоруна жооп беришти.

Жолугушууда москвалык жактоочу да сөз сүйлөдү жана кармалгандардын, камакка алынгандардын жана соттолгондордун укуктарын коргоо механизмдери тууралуу катышуучуларга айтып берди.

Жолугушуунун жыйынтыгында, иш-чаранын катышуучулары көтөрүлгөн маселелерди чечүү үчүн өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашышты.

Жаңы кылмыштардын алдын алуу максатында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги Россияда жүргөн кыргыз жарандарын Россиянын мыйзамдарын сактоого чакырат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK