Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин демилгеси менен «Мен Москвада жүрөм» гуманитардык долбоорунун алкагында Москва шаарындагы мекендештердин балдары үчүн кезектеги экскурсия уюштурулду

2021-жылдын 11-декабрында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин демилгеси менен «Мен Москвада жүрөм» гуманитардык долбоорунун алкагында Москва шаарындагы мекендештердин балдары үчүн кезектеги экскурсия уюштурулду.

8 жаштан 14 жашка чейинки балдар тобу Улуу Ата Мекендик согуш жана Экинчи дүйнөлүк согуш темасындагы Россиянын башкы аскердик тарых музейи жана дүйнөдөгү эң чоң музейлердин бири болгон Жеңиш музейине барышты.

Экскурсиянын жүрүшүндө балдар «Москванын алдындагы контрчабуул», «Сталинград салгылашы», «Ленинград блокадасы», «Курск салгылашуусу», «Днепрды багынтуу», «Берлинди штурмалоо» аттуу Улуу Ата Мекендик согуштун салгылашууларына арналган уникалдуу диорамалык комплексти көрүштү жана алар Москваны кантип коргогондугун, дүйнөдөгө эң узун көчөлөр кайсы шаарда болгондугун, кайсыл согуш узакка созулгандыгын, «моторлордун салгылашуусу» деген эмне экендигин, кайсы дарыя «баатырлардын дарыясы» деп аталарын жана Жеңиштин туусу Рейхстагдын үстүндө кантип көтөрүлгөнүн билишти.

Гиддин аңгемелери «Армиянын эрдиги» экспозициясынын жана музейдин залдарынын уникалдуу экспонаттары жана мультимедиялык каражаттары тууралуу таасирлерди толуктады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK