Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчиси Улукбек Марипов Имам Мухаммад бин Сауд Ислам университетинин Ректору доктор Ахмед Аль-Амери менен жолугушту

2023-жылдын 8-майында Эр-Рияд шаарында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Марипов Имам Мухаммад бин Сауд Ислам университетинин Ректору доктор Ахмед Аль-Амери менен жолугушту.

Элчи У.Марипов сауд тарабы менен Имам Мухаммад бин Сауд университети менен Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ортосундагы билим берүү, академиялык жана илимий-изилдөө тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулады.

Өз кезегинде доктор Ахмед Аль-Амери Элчи У.Мариповдун сунуштарын колдоп, Имам Мухаммад бин Сауд университетинин Кыргыз Республикасынын ЖОЖдору менен өз ара пайдалуу кызматташууга жана тийиштүү меморандумдарга кол коюуга даяр экендигине, ошондой эле Кыргыз Республикасынан келген студенттерге окуу квоталарын көбөйтүү маселесин карап чыгууга даяр экендигине ишендирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы аракеттерди талкуулоо үчүн туруктуу байланышты кармап турууга, ошондой эле эки өлкөнүн ЖОЖдорунун ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдардын долбоорлоруна кол коюуга даярдык иштерин баштоого макулдашышты.

Жолугушууга Кыргыз Республикасынан Имам Мухаммад бин Сауд университетинде билим алып жаткан студенттер да катышты.

Маалымат үчүн: Имам Мухаммад бин Сауд Ислам университети 1974-жылы Падышалык Жарлык менен негизделген. Бул университет Сауд Арабиядагы алдыңкы университеттердин бири. Университетте 60 миңге жакын саудиялык жана чет элдик студенттер илим жана технология, тил илими, медицина ж.б.у.с.

Учурда бул окуу жайда Кыргыз Республикасынын 16 жараны билим алууда, анын ичинен 2си докторантурада.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK