Кыргызстандын Сауд Арабиядагы Элчиси Улукбек Мариповдун ишеним грамотасын Эки Ыйык Мечиттин Сакчысы, Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Саудга тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү

2022-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Сауд Арабия Падышалыгындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Улукбек Мариповдун ишеним грамотасын Эки Ыйык Мечиттин Сакчысы, Сауд Арабиянын Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Саудга тапшыруу салтанаттуу аземи болуп өттү.

Элчи У.Марипов Сауд Арабиянын Падышасына Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун айтты.

Дипломатиялык миссиясы учурунда Элчи У.Марипов Кыргыз-Сауд мамилесин мындан ары да чыңдоого бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Падыша Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго терең урмат-сыйын билдирип, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, Элчи У.Мариповго дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK