Кыргызстандын Швейцариядагы Элчиси Алмазбек Бейшеналиев Швейцариянын Президенти Ги Пармелен мырзага ишеним грамоталарын тапшырды

2021-жылдын 4-ноябрында Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Элчиси Алмазбек Бейшеналиев Швейцариянын Президенти Ги Пармелен мырзага ишеним грамоталарын тапшырды.

Пармелен мырза А.Бейшеналиевди Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына аккредитацияланышы менен куттуктап, анын бул кызматтагы мындан аркы иши кыргыз-швейцариялык мамилелеринин алдыга өнүгүшүнө салым кошоруна ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө экономикалык кызматташтык, Бреттон-Вуд институттарынын алкагында өз ара аракеттенүү, климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү, COVID-19 пандемиясына каршы туруу жана калкты коронавируска каршы эмдөө кампаниясына катышууга көндүрүүнүн маанилүүлүгү боюнча кызматташуу, ошондой эле келерки жылы дипломатиялык мамилелердин орношунун 30 жылдыгын майрамдоо маселелери талкуланды.

Мындан тышкары, А.Бейшеналиев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун саламын жана жакшы каалоолорун Пармелен мырзага жеткирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK