Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Руслан Казакбаев Түркиянын Тышкы иштер министринин орун басары Ясин Экрем Серим менен жолугушту

2023-жылдын 30-январында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Руслан Казакбаев Түркия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Ясин Экрем Серим менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө дипломаттар Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын кеңири спектрин, анын ичинде 2023-жылы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу пландарын, ошондой эле Түрк мамлекеттеринин уюмунун, Бириккен Улуттар Уюмунун жана башка эл аралык платформалардын алкагында өлкөлөрдүн өз ара аракеттенүүсүн бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Элчи Руслан Казакбаев Кыргыз Республикасынын 150 жаранын Түркиянын медициналык мекемелеринде жыл сайын бекер дарылоону камсыз кылган Саламаттыкты сактоо жана медицина илимдери тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ишке ашырууну эртерээк кайра баштоонун кыргыз тарап үчүн маанилүүлүгүн белгиледи, ошондой эле берилген квотаны жылына 500 адамга чейин көбөйтүү өтүнүчүн билдирди.

Тараптар Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын өз ара сапарларын, өлкөгө келүү шарттарын жеңилдетүү жана эки мамлекеттин жарандары үчүн визасыз режимдин мөөнөтүн узартуу маселелерин талкуулашты.

Мындан тышкары эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү жана тереңдетүү, бизнес-форумдарды уюштуруу аркылуу өлкөлөр ортосундагы өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, ошондой эле Кыргызстандагы түрк компанияларынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу көйгөйлөрдү чечүү маселелери талкууланды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK