Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Коньянын Соода жана өнөр-жай палаталарынын Президенттери Селчук Өзтүрк жана Мемиш Күтүкжү менен жолугушту

2021-жылдын 14-декабрында Конья провинциясына болгон иш сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Коньянын Соода жана өнөр-жай палаталарынын Президенттери Селчук Өзтүрк жана Мемиш Күтүкжү менен жолугушту.

Жолугушуулардын жүрүшүндө Элчи Өмүралиев Конья бизнес чөйрөсүнө Кыргызстандагы инвестициялык потенциал жана бизнес жүргүзүү үчүн шарттар, анын ичинде аймактагы салыктардын төмөндүгү, капиталдын эркин кыймылы жана гидроэнергетикалык потенциал жөнүндө маалымат берди. Мындан тышкары Элчи Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн продукцияны ЕАЭБ өлкөлөрүнүн рынокторуна, ошондой эле Жалпы преференциялар системасы + (ЖПС+) программасы менен 6200 даана аталыштагы товарларды Европа Биримдигине жана ЖПС программасынын алкагында 3500 даана аталыштагы товарларды АКШга бажы алымдарсыз экспорттоо мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн өндүрүү жана кайра иштетүү, ошондой эле айыл чарба техникаларын өндүрүү боюнча Конья алдыңкы провинция экенин эске алып, Элчи Өмүралиев Коньялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салууга жана өндүрүш ачууга чакырды.

Аталган макулдашууларды ишке ашыруу максатында Конья Соода жана өнөр-жай палаталары кыргыз ишкерлеринин курамын 2022-жылдын 8-12-мартында Конья шаарында өтүүчү, Европадагы негизги көргөзмөлөрдүн бири болгон «Konya Tarım» айыл чарба көргөзмөсүнө катышууга чакырды. Кыргызстандык ишкерлердин Коньяга боло турган иш сапарынын алкагында В2В форматында жолугушууларды өткөрүү жана завод-фабрикалар менен таанышуу көздөлүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK