Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Латын Америка өлкөлөрүнүн Дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары менен жолугушту

2022-жылдын 31-октябрында Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасында аккредиттелген Латын Америка өлкөлөрүнүн Дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары, тактап айтканда Панама, Гватемала, Доминикан Республикасы жана Эл Сальвадордун Элчилери менен жолугушту.

Жолугушууда Элчи Өмүралиев кесиптештерине Кыргыз Республикасы, өлкөнүн инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын чек арасында болгон окуяларга байланыштуу аймактык коопсуздуктун актуалдуу маселелери боюнча кеңири маалымат берди.

Ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери, анын ичинде жакынкы арада Бириккен Улуттар Уюмунун шайлануучу органдарына Кыргыз Республикасынын талапкерлигин колдоо маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK