Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Вице-президенти Ф.Октайдын Башкы кеңешчиси Халил Афшарата менен жолугушту
2022-жылдын 31-январында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Вице-президенти Ф.Октайдын Башкы кеңешчиси Халил Афшарата менен жолугушту.
Жолугушууда тараптар Соода-экономикалык кызматташтык боюнча Кыргыз-Түрк Өкмөттөр аралык комиссиясынын (ӨАК) 10-жыйынынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун, ошондой эле аталган ӨАКтын отурумунда кабыл алынган Кыргызстан жана Түркия ортосундагы Экономикалык кызматташтык боюнча Иш-чаралар планын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз-Түрк ӨАКнын алкагында бир катар маселелерди чечип, ӨАКтын Иш-чаралар планын ишке ашырууну тездетүү боюнча макулдашышты.