Кыргызстандын Түркиядагы Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркиянын Үй-бүлө иштери жана социалдык кызмат министри Дерья Янык менен жолугушту

2022-жылдын 20-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия Республикасынын Үй-бүлө иштери жана социалдык кызмат министри Дерья Янык менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандарын, өзгөчө эмгек ишмердүүлүгү менен алектенген аялдарды социалдык жактан камсыздоо, ошондой эле Түркия Республикасынын аймагында Кыргызстандын жарандарынын балдарын коргоо маселелери талкууланды.

Элчи К.Омуралиев 2018-жылдын 9-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Түркия Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Социалдык камсыздоо жөнүндө макулдашуунун аткарылышына өзгөчө көңүл буруу өтүнүчүн билдирди.

Тараптар социалдык коргоо, үй-бүлө, аялдар, балдар, майыптар жана карылар жаатындагы саясат боюнча эксперттер менен алмашуу маселесин талкуулап, бул үчүн Кыргызстан менен Түркиянын эки тиешелүү министрликтеринин өкүлдөрүнөн жумушчу топ түзүүнү макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK