Кыргызстандын Түрмөнстандагы Элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматынын Төрагасы Максат Худайкулыев менен жолугушту

24-апрелде Кыргыз Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Азизбек Мадмаров Түркмөнстандын Мамлекеттик бажы кызматынын Төрагасы Максат Худайкулыев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосунда бажы тармагында кызматташууну жөнгө салуу жана тийиштүү укуктук базаны даярдоо маселелерин талкуулашты. Транспорттук-транзиттик тармакта кызматташууну өнүктүрүүнү эске алуу менен Элчи А.Мадмаров Кыргыз Республикасынын транспорттук компанияларына жана жүк ташуучуларына Түркмөнстандын аймагында көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Элчи ошондой эле Кытай Эл Республикасынан транзит менен товарларды ташуу менен байланышкан бажы операцияларын жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу үчүнчү өлкөлөргө санариптик жашыл транзиттик коридорлорду киргизүү боюнча Кыргыз Республикасында жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымдады.

Тараптар эки өлкөнүн бажы кызматтарынын ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүгө көмөктөшүү жана үзгүлтүксүз байланыштарды колдоо ниеттерин ырастап, бажы маселелери боюнча өз ара жардам көрсөтүүгө даярдыгын билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK