Кыргызстандын Туркменистандагы Элчиси Азизбек Мадмаров Туркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басарлары жана Туркмөнстандын энергетика министри менен жолугушту

9-мартта Кыргыз Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Мадмаров мунай-газ комплекси, электр энергетикасы, курулуш, өнөр  жай жана агроөнөр жай комплекси маселелерин тейлеген Түркмөнстандын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын  орун  басарлары  А.Беглиев, Б.Аннамамедов жана А.Язмырадов, ошондой эле Түркмөнстандын энергетика министри, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык  боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түркмөн комиссиясынын түркмөн бөлүгүнүн төрагасы X. Режепмырадов менен жолугушту.

Жолугушуулардын жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын ортосундагы мамилелердин өнүгүүсүндөгү оң динамикасын белгилешти, жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, кыргыз-түркмөн келишимдеринин ишке ашыруунун жүрүшүн жана тараптардын кароосундагы эки тараптуу документтердин долбоорлорун алдыга жылдырууну талкуулашты. Ошондой эле соода-экономикалык чөйрөдөгү кызматташтыкты кеңейтүү маселелери жана өз ара пайдалуу кызматташуунун жаңы мүмкүн болгон багыттары каралды.

Элчи А.Мадмаров соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-түркмөн өкмөттөр аралык комиссиясынын маанилүү ролун жана бул комиссиянын ишмердүүлүгүн активдештирүү жана эки тараптуу кызматташуунун форматтарын кеңейтүү зарылдыгын, ошондой эле бул Комиссиянын 5-жыйынынын жыйынтыгында  жетишилген макулдашуулардын аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү белгиледи.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Түркмөнстандын компетенттүү министрликтери  менен  ведомстволорунун ортосундагы тыгыз өз ара аракеттенүүнү мындан ары да өнүктүрүүгө жана үзгүлтүксүз  байланыштарды  улантууга ниеттерин ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK