Кыргызстандын туруктуу өкүлү М.Молдоисаева ЭКОСОСтун "COVID-19 вирусу пандемиясынан кийин туруктуу жана стабилдүү калыбына келтирүү жана 2030 күн тартибине жетишүүдөгү прогресс, ЭКОСОСтун түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгынын алкагында аны бекемдөө" атту жогорку деңгээлдеги сегментине катышты

Кыргызстандын БУУдагы туруктуу өкүлү М.Молдоисаева ЭКОСОСтун Туруктуу өнүгүү боюнча Саясий форумунун жабылышынын алкагында болуп өткөн "КОВИД-19 вирусу пандемиясынан кийин туруктуу жана стабилдүү калыбына келтирүү жана 2030 күн тартибине жетишүүдөгү прогресс, ЭКОСОСтун түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгынын алкагында аны бекемдөө" атту жогорку деңгээлдеги сегментине катышты. 

Туруктуу өкүл өз сөзүндө Туруктуу Өнүгүү Максаттарына жетүү үчүн өлкөнүн артыкчылыктуу багыттары, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан пандемиянын шартында экономикалык өнүгүүнү калыбына келтирүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө кыскача маалымат берди. Учурдагы кырдаалга карабастан, Өкмөт социалдык коргоо жана пенсия жаатындагы бардык мамлекеттик пландаштырылган милдеттенмелердин өз убагында аткарылышын камсыз кыла алгандыгы белгиленди жана COVID-19дун улуттук экономикага тийгизген терс таасирин азайтуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлгөндүгү. Ошондой эле ал мындай кырдаалдын экономика жана калктын ден-соолугуүчүн кесепеттерин эске алып, эмдөөнүн темпин тездетүү боюнча иштер жүрүп жаткандыгын айтты.

Кыргыз тарап ошондой эле катышуучулардын көңүлүн тоолуу өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо жана климаттын өзгөрүшүнө бурду. Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Нью-Йорктогу Туруктуу өкүлчүлүгү тарабынан “Тоолордогу туруктуу жана жөндөмдүү калыбына келтирүү жолу” аттуу кошумча иш-чара уюштурулду.

ЭКОСОС колдоосунда Туруктуу өнүгүү боюнча жогорку деңгээлдеги саясий форум Нью-Йоркто ушул жылдын 6-16-июлуна чейин өттү. Эки жуманын ичинде министрлердин кеңешмеси, 42 мамлекеттин Туруктуу Өнүгүү Максаттарын ишке ашыруу боюнча Улуттук ыктыярдуу отчетторунун презентациясы жана башка кошумча иш-чаралар болуп өттү.

Форумдун жалпы дебаттарына Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министринин орун басары А.Шаршеев да виртуалдык форматта катышып, өз сөзүндө өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн санариптештирүү жана туризм сыяктуу маанилүү багыттарына көңүл бурду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK