Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германиянын Элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды

2024-жылдын 23-майында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Германия Федеративдүү Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Габриэла Геллилди кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө активдештирүүсү 2023-жылы башталган саясий диалогду мындан ары кеңейтүү маселелери талкууланды.

Муну менен катар ал эки өлкөнүн ортосундагы потенциалы толук пайдаланылбай жатканын соода-экономикалык мамилелерди чыңдоо зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар эл аралык күн тартибиндеги маселелерди, «жашыл» экономика жана климатты коргоо жаатындагы кызматташтыкты, ошондой эле Кыргызстан менен Германиянын эл аралык уюмдардын алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK