Кыргызстандын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Грециянын тышкы иштер министринин орун басары Костас Фрагогианнис менен телефон аркылуу сүйлөштү

2022-жылдын 25-январында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев Греция Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Костас Фрагогианнис менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Дипломаттар эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда кызматташууну өнүктүрүүнүн, документтерге кол коюунун, мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун, анын ичинде 2021-жылдын сентябрь айында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын алкагында АКШнын Нью-Йорк шаарында Кыргызстандын жана Грециянын тышкы иштер ведомстволорунун башчыларынын, ошондой эле 2021-жылдын ноябрь айында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин Греция Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Костас Фрагогианнис менен жолугушууларынын жыйынтыктарынын маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле тараптар телефон аркылуу сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу сапарларды уюштурууну талкуулашты.

Нуран Ниязалиев менен Костас Фрагогианнис пайда боло турган маселелерди талкуулоо жана ыкчам чечүү үчүн туруктуу иш байланышта болуп турууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK