Кыргызстандын Венгриядагы Элчиси Талантбек Кушчубеков «Stipendium Hungaricum» программасынын бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшыруу салтанатуу аземине катышты

2022-жылдын 28-июнунда Кыргызстандын Венгриядагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын Гөдөлө шаарындагы Венгриянын айыл чарба жана табият таануу университетинде «Stipendium Hungaricum» аталган программасынын бүтүрүүчүлөрүнө, алардын арасында КР жарандарына, диплом тапшыруу салтанатуу аземине катышты.

Салтанаттуу аземге дипломатиялык корпустун өкүлдөрү жана «Темпус» коомдук фондунун директору Габор Добош катышты. Г.Добош өз сөзүндө бүтүрүүчүлөрдү куттуктап, үстүбүздөгү жылдын күз айларында Мажаристандагы ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрү үчүн практикалык көндүмдөрүн жогорулатуу максатында 1-2 жылдык мөөнөткө өзүнчө стипендиялык программа ачылып жатканын маалымдады.

Элчи Т.Ч. Кушчубеков бүтүрүүчүлөрдү диплом алышы менен куттуктап, мындан ары ийгиликтерди каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK