Кыргызстандын Венгриядагы Элчиси Талантбек Кушчубеков Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык протокол департаментинин башчысы Акош Сабо мырза менен жолугушту

2022-жылдын 24-февралында Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Кушчубеков Талантбек Чоюбекович Венгриянын Тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык протокол департаментинин башчысы Акош Сабо мырза менен жолугушту.

Ишеним грамоталардын нускасы Венгриянын тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык протокол департаментинин башчысы А.Сабо мырзага тапшырылды.

Учурдан пайдаланып, А. Сабо Т.Ч.Кушчубековду Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, ага чоң ийгиликтерди каалады.

Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Т.Кушчубеков А.Сабого ыраазычылык билдирип, жеке жолугушуу мүмкүнчүлүгүнө кубанычта экенин айтып, меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Венгрияда Кыргыз Республикасынын элчилигинин ачылышы менен учурдагы кыргыз-венгер мамилелерин тереңдетүү боюнча аракеттер эң натыйжалуу ишке ашарына ишенимин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK