Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчилигинде Өзбекстандын мектеп окуучуларынын жана студенттеринин арасында уюштурулган «Кыргызстан  жана Өзбекстан: кылымдарга достук» деген темада эссе жазуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү

2021-жылдын 4-октябрында Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчилигинде Өзбекстандын мектеп окуучуларынын жана студенттеринин арасында уюштурулган «Кыргызстан  жана Өзбекстан: кылымдарга достук» деген темада эссе жазуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

Эссе сынагы Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган жана 2021-жылдын июль айынан сентябрь айына чейин өткөрүлгөн.

Жарыяланган сынактын жыйынтыгы боюнча 1-орунду Назиров Аброр (Ташкент шаарынын Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин студенти), 2-орунду - Машрабов Достонбек (Ташкент шаарынын Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин студенти) жана 3-орунду - Эгамбердиев Бахриддин (Ташкент шаарынын Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин студенти) алышты.

Сыйлык тапшыруу учурунда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ибрагим Жунусов Кыргызстандын калыптанышы жана өнүгүшү, ошондой эле Кыргызстандын Өзбекстан менен саясий, соода-экономикалык, маданий жана гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташуусу жөнүндө кыскача айтып берди.

Катышканы үчүн ыраазычылык билдирип, Элчи И.Жунусов мыкты чыгармалардын авторлоруна диплом жана сыйлыктарды тапшырды жана аларга ийгилик каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK