Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси Муса Джаманбаев Өзбекстан Республикасынын аймагында эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрдү

2023-жылдын 5-майында Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алынгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоонун алкагында Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев Өзбекстан Республикасынын аймагында эмгектенген Кыргыз Республикасынын жарандары менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө иш-чаранын катышуучулары Кыргыз Республикасынын Конституциясынын кабыл алуу тарыхын жана өнүгүүсүн, ошондой эле коомдогу жана мамлекеттеги ордун талкуулашты.

Элчи мекендештерди Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен жылуу куттуктап, өлкөдө экономиканы өнүктүрүүгө жана Кыргызстан элинин жыргалчылыгын жакшыртууга багытталган жүргүзүлүп жаткан реформалар жөнүндө маалымдады.

Мындан тышкары, кыргыз-өзбек мамилелеринин азыркы абалы, жогорку деңгээлдеги биргелешкен иш-чаралар, ошондой эле Кыргызстандын жарандарынын Өзбекстандын аймагында эмгек ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Элчи жарандардын суроолоруна жооп берип, Элчиликтин ишмердүүлүгүн активдүү колдогондугу үчүн, ошондой эле эки боордош элдин достугун чыңдоого кошкон жарандык жоопкерчилиги жана салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK