Кыргызстандын Өзбекстандагы Элчиси Муса Джаманбаев Өзбекстандын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы Бахромжон Наркобилов менен жолугушту

2023-жылдын 8-июнунда Кыргыз Республикасынын Өзбекстан Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев Өзбекстан Республикасынын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы Бахромжон Наркобилов менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар учурдагы күн тартибиндеги актуалдуу маселелер жана ветеринария тармагындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгынын келечектүү багыттарын талкуулашты. Эки мамлекеттин айыл чарба продукциясынын жана мал чарба товарларынын экспортун жана импортун биргелешип өнүктүрүү жолу менен соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө көңүл бурушту. Кыргыз компанияларын өзбек тараптын импортерлор Реестрине киргизүү, тез бузулуучу азыктар үчүн “жашыл коридорлорду” түзүү, жогорку деңгээлде биргелешип жетишилген макулдашуулар боюнча пландарды жана долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Өзбекстан Республикасынын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин Төрагасы Б.Т.Наркобилов толук колдоо көрсөтүп, сүт, эт жана балыкты кайра иштетүү боюнча Кыргыз Республикасынын ишканаларын Өзбекстан Республикасынын импортерлорунун Реестрине ыкчам түрдө киргизүү боюнча даярдыгын билдирди.

Мындан тышкары, Элчи М.Джаманбаев Өзбекстан Республикасынын Ветеринария жана мал чарбасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комитетинин Диагностикалык борборуна барып, жаныбарлардан алынган азыктарды (даяр сүт жана эт продукциясы, канаттуулардын эти, даяр балык продукциясы), ошондой эле дан өсүмдүктөрүн жана жашылчаларды лабораториялык контролдоону камсыздоо процесси менен таанышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK