Кыргызстандын жана Финляндиянын ТИМ башчылары жолугушту

2020-жылдын 14-февралында Мюнхен коопсуздук конференциясына катышуунун алкагында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Финляндиянын тышкы иштер министри Пекка Хаависто менен жолугушуусу болду. 

Тараптар 2020-жылга жогорку жана эң жогорку деңгээлдердеги байланыштардын графигин, эл аралык уюмдардын алкагында өз ара аракеттенүүнү, экология жана курчап турган чөйрөнү коргоо тармагында кызматташууну талкуулады. 

Экономикалык байланыштарды, маданий-гуманитардык кызматташтыкты активдештирүү багытында өлкөлөр ортосундагы мамилелерди ырааттуу өнүктүрүү маанилүүлүгү белгиленди. П.Хаависто Ч.Айдарбековду Финляндияга расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Кыргыз тарабы, өз кезегинде, фин тарабын 2020-жылы жайында Бишкекте өтө турган ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумга катышууга чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK