Кыргызстандын жана Литванын ТИМ башчылары жолугушту

2020-жылдын 14-февралында Мюнхен коопсуздук конференциясына катышуунун алкагында КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун Литванын тышкы иштер министри Линас Линкявичус менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кыргыз-литва мамилелери өз ара кызыкчылыктарды эске алуу менен ырааттуу өнүгүп жаткандыгын белгилешти. Саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары күчтөндүрүү үчүн өлкөлөр ортосунда жакшы дарамет бар. Парламенттер аралык байланыштар жолго коюлган жана колдоого алынууда, аларды кеңейтүү жана бекемдөө зарыл.

Литва тарабы 2020-жылдын жайында Бишкекте өтө турган ЕБ-БА Биринчи экономикалык форумуна катышууга кызыкдарлыгын билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK