Кыргызстандын жараны Ж.С.нын мекенине кайтып келишине байланыштуу КР ТИМинин маалыматтык билдирүүсү

2022-жылдын 2-февралында Министрликтин жана Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилигинин биргелишкен аракеттеринин жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын жараны Ж.С., мекенине кайтарылды.

Ж.С. 2010-жылы Индонезиянын Бандунг шаарындагы аэропортто тыюу салынган заттарды сактагандыгы үчүн кармалып, акыры Индонезиянын Жогорку соту тарабынан 12 жылга эркинен ажыратылган. Индонезиянын тиешелүү органдар жана аталган Кыргыз Республикасынын жараны менен тыгыз байланышта болгон Элчиликтин көмөгү менен 2019-жылы Ж.С. 2022-жылдын 22-январына чейин шарттуу түрдө мөөнөтүнөн мурда бошотууга өзгөртүлгөн.

Шарттуу түрдө бошотуу мөөнөтү аяктагандан кийин, Элчилик тарабынан Индонезиянын компетенттүү органдары менен биргеликте Ж.Сны Кыргыз Республикасына кайтып келүүгө керектүү документтер даярдалган.

Тийиштүү иштердин жыйынтыгында КРнын жараны Ж.С. 2022-жылдын 31-январында Кыргызстанга жөнөтүлүп, 2022-жылдын 2-февралында мекенине кайтып келген.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK