Лахор шаарында Элчи Уланбек Тотуяев Лахор шаарынын мэри жана комиссары Мухаммед Юнис мырза менен жолугушту

2021-жылдын 14-сентябрында Лахор шаарында Элчи Уланбек Тотуяев Лахор шаарынын мэри жана комиссары Мухаммед Юнис мырза менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар «COVID-19» коронавирусунун Дельт аштаммынын тез жайылышына байланыштуу Пакистан менен Кыргызстандагы жаңы кырдаалдарын талкуулашты, ошондой эле эки өлкөдө бул ооруга каршы көрүлүп жаткан чаралар тууралуу пикир алмашышты.

Ушуну менен бирге, иш сапарлар менен алмашуу, эки өлкөнүн соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын өнүктүрүү, ошондой эле Ош жана Лахор шаарларынын ортосунда боордош шаарларды түзүү жөнүндө келишимге кол коюу маселелери талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Элчиси У.Тотуяев кыргыз-пакистан мамилелеринин терең тарыхый тамырын баса белгилеп, Евразиялык Экономикалык Биримдигинин жана Европа Биримдигинин ВСП+ программасынын алкагында Кыргызстандын соода-экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле өлкөнүн транзиттик потенциалы жөнүндө маалымат берди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK