Люксембургда Кыргыз Республикасынын Ардактуу консулдугу ачылды

2020-жылдын 13-февралында КР тышкы иштер министри Ч.Айдарбековдун Люксембург Жогорку Герцогствосуна сапарынын алкагында Кыргыз Республикасынын Люксембург шаарындагы Ардактуу консулдугунун ачылышы болду. Ардактуу консулдуктун ачылышына ошондой эле КРнын Люксембургдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси М.Джумалиев жана Люксембургда жашаган мекендештер катышты.
КРнын Люксембургдагы Ардактуу консулу болуп Франк Вагнер мырза дайындалды. Ал ардактуу консул катары өз жумушунун, атап айтканда, Люксембургда жашаган КР жарандарынын укуктары менен кызыкчылыктарын коргоо, өлкөлөр ортосунда соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө, Кыргызстандын туристтик дараметин илгерилетүү боюнча пландары тууралуу айтып берди.
Министр Ч.Айдарбеков Ардактуу консул Ф.Вагнерди дайындалышы менен куттуктады жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү жана биргелешкен аракеттер аркылуу Кыргызстан менен Люксембургдун ортосундагы кызматташтыкты бардык приоритеттүү жана өз ара пайдалуу багыттар боюнча тараптар мындан дагы жогорку деңгээлге алып чыгат деген ишенимин билдирди.
Люксембургдун билим берүү, маданият, финансы, экологиялык курулуш чөйрөлөрүндөгү алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен бул багыттар Кыргыз Республикасы менен кызматташуу үчүн контакттарды илгерилетүүдө Ардактуу консулдун ишмердүүлүгүндөгү маанилүү багыттар катары белгиленди.
Ушул эле күнү Министр Люксембург Жогорку Герцогствосунун борбор шаарында жакында ачылган Чыңгыз Айтматов атындагы көчөгө барды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK