Малайзиянын туристтик компаниялар жана туроператорлор үчүн Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүүгө багытталган көргөзмө болуп өттү

2022-жылдын 14-июнунда Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилиги жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Алтынчы саясий башкармалыгы менен биргеликте Кыргызстандын туристтик потенциалы тууралуу онлайн-презентация өткөрүштү.

Иш-чарага Кыргызстандын туристтик агенттиктери жана Малайзиянын туристтик агенттиктер ассоциациясынын вице-президенти баштаган Малайзиядагы 70тен ашык туристтик компаниялар катышты.

Бет ачардын жүрүшүндө малайзиялык туроператорлорго Кыргызстандын маданияты жана тарыхы, туризмдин кышкы жана жайкы түрлөрү, чет өлкөдөн келген коноктор үчүн Ысык-Көлдүн жээгинде эс алуу мүмкүнчүлүктөрү, ошондой эле Малайзиянын жарандары жана Малайзиянын аймагында жашаган башка мамлекеттердин жарандарына Кыргыз Республикасына кирүү үчүн визалык режим тууралуу кеңири маалымат берилди.

Бет ачардын жыйынтыгында кыргыз жана малайзиялык туризм секторунун өкүлдөрү өз ара кызматташуу боюнча макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK