Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев «Япония - Кыргызстан» Парламенттик достук лигасынын жетекчиси Ген Накатани менен жолугушту

2022-жылдын 23-декабрында «Борбордук Азия + Япония» диалогунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 9-жыйынына катышуу алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев «Япония - Кыргызстан» Парламенттик достук лигасынын жетекчиси Ген Накатани менен жолугушуп, ошондой эле “Борбордук Азия жана Япония” Парламенттик достук лигасынын жетекчиси, Өкүлдөр палатасынын мүчөсү, Япониянын экс-Премьер-министри Таро Асонун Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлери менен болгон жамааттык жолугушуусуна катышты.

Тараптар социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын талкуулашты. Мындан тышкары, эки өлкөнүн парламентарийлеринин ортосунда визиттер менен алмашууну уюштуруу боюнча пикир алмашуу болду.

Ген Накатани менен жолугушуунун жүрүшүндө Министр Ж.Кулубаев «Кыргызстан-Япония» парламенттер аралык достук лигасынын жетекчиси катары эки өлкөнүн саясий жана парламенттер аралык кызматташтыгын сактоого жана тереңдетүүгө кошкон жигердүү ишмердүүлүгү жана жеке салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Г.Накатани эки өлкөнүн ортосундагы достук байланыштарды чыңдоого мындан ары да жардам көрсөтүүгө даяр экендигин ырастады. Учурда Достук лигасынын мүчөлөрү менен Кыргыз Республикасына боло турган иш сапардын мөөнөтүн аныктоо боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирди.

Жамааттык жолугушуунун жүрүшүндө министр Ж.М.Кулубаев жакында түзүлгөн «Борбордук Азия жана Япония» достук лигасы Борбордук Азия өлкөлөрү менен Япониянын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого салым кошоруна ишенимин билдирди.

Таро Асо өз кезегинде Борбордук Азия өлкөлөрү менен өз ара сапарларды уюштуруу, эл аралык уюмдардын алкагында кызматташтыкты бекемдөө, соода жүгүртүүнү көбөйтүү жана артыкчылыктуу аймактык долбоорлорду илгерилетүү боюнча тыгыз кызматташууга даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун соңунда министр Ж.Кулубаев парламентарийлерди Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK