КРнын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев Япониянын Премьер-министри Ф.Кисиданын Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен болгон жамааттык жолугушуусуна катышты

2022-жылдын 23-декабрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Ж.М.Кулубаев «Борбордук Азия + Япония» диалогунун Тышкы иштер министрлер кеңешинин 9-жыйынына катышуу алкагында Япониянын Премьер-министри Ф.Кисиданын Борбордук Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен болгон жамааттык жолугушуусуна катышты.

Министр Ж.М.Кулубаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун жылуу саламын жана асыл каалоо-тилектерин жеткирип, Кыргыз Республикасы менен Япониянын ортосунда дипломатиялык мамилелердин орнотулгандыгынын 30 жылдыгын майрамдоо алкагында жолугушуу уюштуруунун символикалуулугун белгиледи.

Ж.М.Кулубаев Кыргызстан Японияны ар дайым жакын, дос жана узак мөөнөттүү өнөктөш катары карап келгенин, аны менен демократиялык өнүгүүнүн, саясий жана соода-экономикалык кызматташуунун жалпы баалуулуктарын бөлүшөрүн, мындан ары өркүндөтүү үчүн жетиштүү потенциалы бар экенин белгиледи.

Эки тараптуу мамилелерди жаңы сапаттык деңгээлге чыгаруу үчүн тараптар жогорку деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Тараптар ошондой эле маселелердин кеңири чөйрөсүн, анын ичинде социалдык-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, ошондой эле эки өлкөнүн аймактарынын ортосундагы байланыштарды түзүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Өз кезегинде Ф.Кисида глобалдык көйгөйлөрдү чечүүдө, энергетика, экология жана азык-түлүк тармагында эл аралык жана аймактык коопсуздукту чыңдоо жана камсыз кылуу маселелери боюнча күч-аракеттерди бириктирүү зарылдыгын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн соңунда тараптар Борбордук Азия өлкөлөрү менен Япониянын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө умтулуусун ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK