ыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана  Ыйгарым укуктуу Элчиси Ха Тэ Ёкту кабыл алды

2020-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана  Ыйгарым укуктуу Элчиси Ха Тэ Ёкту кабыл алды.

Жолугушунун жүрүшүндө Элчи Ха Тэ Ёк Министр Р.Казакбаевди кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады жана ишине ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Р.Казакбаев маектешине Кыргызстандагы кырдаал акырындык менен турукташып жана саясий процесстер конституциялык нукка кайтып жатканы жөнүндө маалымдады. Кыргыз Республикасынын мурда өзүнө кабыл алынган бардык эл аралык милдеттемелерди аткарууну карманары өзгөчө белгиленди.

Тараптар эки тараптуу кызматташуунун абалы жана келечеги тууралуу пикир алмашышты жана саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө Кыргыз Республикасы менен Корея Республикасынын ортосундагы өнөктөштүктү жана өз ара аракеттенүүнү мындан ары бекемдөөнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле Р.Казакбаев «Борбордук Азия-Корея Республикасы» кызматташтык форумунун алкагында КР менен Кореянын ортосундагы иш жүзүндөгү өз ара аракеттенүүнү тереңдетүү маселесин талкуулады

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK