Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси В.Ульманнды кабыл алды

2020-жылдын 2-ноябрында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев Швейцария Конфедерациясынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси В.Ульманнды кабыл алды.

Элчи В.Ульманн министр Р.Казакбаевди Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктады жана ишине мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Министр Р.Казакбаев өлкөдөгү бүгүнкү ички саясий кырдаалдар, жакында Кыргыз Республикасында маанилүү саясий иш-чараларды өткөрүү, ошондой эле социалдык-экономикалык милдеттерди, коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү  жана башка актуалдуу милдеттерди чечүүгө багытталган өлкө жетекчилигинин жана бийликтин аткаруу органдарынын учурдагы иштери тууралуу Швейцария Конфедерациясынын Элчисине маалымат берди.

Кыргыз тарабы 2015, 2017 жана 2020-жылдардагы шайлоо процесстеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасына көрсөтүлгөн техникалык колдоолору үчүн Швейцариянын ϴкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Министр Р.Казаков COVID-19 пандемиясысынын кесепеттерине каршы күрөшүүгө багытталган, саламаттык сактоо, айыл чарба, туризм жана башка чөйрөлөрдү колдоо түрүндө Швейцариянын ϴкмөтү тарабынан көрсөтүлүүчү финансылык жана гуманитардык жардамдарды канааттануу  менен белгиледи.

Швейцария тарабынан мындан ары да колдоо көрсөтүүлөөрү маселеси талкууланды.

Элчи В.Ульманн кыргыз-швейцария кызматташтыгынын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи. 2017-2021-жылдар мезгилине Швейцария менен Кыргыз Республикасынын кызматташтыгынын стратегиясынын ийгиликтүү ишке ашып жаткандыгын баса белгиледи, анын алкагында саламаттык сактоо, жумуштуулук жана экономикалык өнүгүү, мамлекеттик секторду реформалоо, суу ресурстары, инфратүзүмдөр жана климаттын өзгөрүшү жаатындагы долбоорлор ишке ашууда. Биргеликте жаңы артыкчылыктуу, анын ичинде курчап турган чөйрө жана экология жаатындагы багыттарды аныктоого жана ишке ашырууга даяр экендиктери билдирилди. Тараптар саясий диалогду мындан ары бекемдөөгө, даяр экендиктерин билдиришти.

Эл аралык уюмдардын алкагында  ийгиликтүү кызматташуу канааттануу менен белгиленди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK