Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) Кыргызстандагы Өкүлү М.Усупов менен жолукту

2021-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев БУУнун Өнөр жайды өнүктүрүү уюмунун (ЮНИДО) Кыргызстандагы Өкүлү М.Усупов менен жолукту.

Жолугушуунун жүрүшүндө М.Усупов ЮНИДОнун Өлкөлүк өнөктөштүк программасы (ӨӨП) жөнүндө кыскача маалымат берди. Тактап айтканда, ЮНИДО буга чейин Кыргыз Республикасынын өнөр жайын туруктуу өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгып, документ Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан 2019-жылы бекитилген. Анда бүткүл өлкө боюнча өнөр жай жаатындагы ар түрдүү долбоорлорду ишке ашыруу каралган. Мындай иштер, негизинен, долбоордук сунуштарды даярдоону жана инвестицияларды тартууну талап кылат. Ушул максатта ЮНИДО Өлкөлүк өнөктөштүк программасын иштеп чыккан. Эгерде ага кол коюлса, ӨӨП алкагында ЮНИДО, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн каалоосуна жараша, өнөр жай жаатындагы долбоордук сунуштарды иштеп чыгып, аларга инвестиция тартуу үчүн 4 эл аралык форум өткөрөт.

Ошону менен бирге, ЮНИДОнун өкүлү ӨӨП долбоорун макулдашуу 2018-жылдан бери созулуп келе жатканына тынчсыздануусун билдирди. Ушуга байланыштуу, ал тышкы саясий ведомствонун жетекчиси катары Министр Р.Казакбаевге Программага кол коюу маселесине саясий колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

М.Усупов, 2021-жылдын 22-23-ноябрында Дубай шаарында Өндүрүш жана өнөр жай боюнча глобалдык саммит өтө тургандыгын маалымдады. Ушул мөөнөткө чейин ӨӨП кол коюлуп калса, Кыргыз Республикасы Саммиттин жүрүшүндө анын презентациясын жасоо менен бирге бул иш-чараны Кыргыз Республикасынын өнөр жайын өнүктүрүү стратегиясынын алкагындагы долбоорлорду ишке ашырууга инвестицияларды тартуу үчүн кошумча аянтча катары колдоно алмак. Ошону менен бирге, БУУнун Өкүлү Саммитке, мүмкүн болушунча, жокорку деңгээлде катышууну сунуштады.

Министр Р.Казакбаев берилген маалымат үчүн маектешине ыраазычылык билдирди. Кыргызстан ЮНИДО менен кызматташууга зор маани бере тургандыгын белгиледи. Ушуга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги өзүнүн компетенциясынын чегинде ЮНИДО менен Өлкөлүк өнөктөштүк программасына кол коюу процессине буга чейин саясий колдоо көрсөтүп келгендигин белгилеп, мындан ары да көрсөтө тургандыгына ишендирди. Ошону менен бирге, ЮНИДОнун Өкүлүнүн тынчсыздануусу өлкөнүн жетекчилигине жеткириле тургандыгы белгиленди. Буга катар, Министр Кыргыз Республикасы менен ЮНИДОнун кызматташтыгында абдан чоң потенциал али да ишке кире элек экендигине басым жасады. ЮНИДОнун Кыргыз Республикасындагы Өкүлчүлүгүнүн жигердүү ишмердиги аркылуу бул потенциал толук ишке аша тургандыгына ишеним артарын билдирди. Министр өндүрүштүн кубатын бекемдөөнүн жана жумуш орундарын жаратуунун зарылчылыгын белгилеп өттү. Ошондой эле тараптар конкреттүү долбоорлорду жана аларды ишке ашыруунун жолдорун талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK