Министр Р.Казакбаев Түркия Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, жазуучу О.Эрдоганды кабыл алды

2021-жылдын 7-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде Министр Р.Казакбаев Түркия Республикасынын маданиятынын эмгек сиңирген ишмери, жазуучу О.Эрдоганды кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Ч.Т. Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун алкагында 2021-жылдын 8-10-июнунда Түркия Республикасында пландаштырылган иш-чараларды талкуулашты. 
О.Эрдоган Ч.Т.Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумун Анкара шаарында өткөрүүгө багытталган түрк тарабынын көрүп жаткан чаралары тууралуу маалымат берди. Жыйырмадан ашуун мамлекеттин илим жана маданият ишмерлери катышуусун тастыктагандыгын айтты. Аталган форумдун алкагындагы пландаштырылган иш-чараларга Түркия Республикасынын жетекчилигинин катышуусу күтүлүп жатканын маалымдады. Ошол эле учурда, О.Эрдоган кыргыз тарабыга Эл аралык Ысык-Көл форумуна жогорку жана жогорку деңгээлде катышуу өтүнүчүн билдирди. 
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Р.Казакбаев түрк тарабына Ысык-Көл форумун Түркияда өткөрүү боюнча демилгеси үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошондой эле ал аталган форумду мындан ары кеңири жайылтуунун жана үчүнчү өлкөлөргө бул форумдун туруктуу жолугушууларын уюштуруу мүмкүнчүлүгүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
О.Эрдоган түрк тарап Ч.Т. Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун маанилүүлүгүн дүйнөдө жайылтууда саясий жана уюштуруучулук жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK