Министр Ж.Кулубаев Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлеринин жетинчи жолугушуусуна катышты

2024-жылдын 12-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри  Жээнбек Кулубаев КМШга мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумунун алкагында Минск шаарында өткөн Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлеринин жетинчи жолугушуусуна катышты.

Жолугушуунун жүрүшүндө Министр Ж. Кулубаев экономика, соода, энергетика, логистика, экология жана маданият тармактарында, ошондой эле аймактык коопсуздук жаатында кызматташууну мындан ары бекемдөө зарылдыгын белгиледи. Ал заманбап чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешкен аракеттерди консолидациялоону жактады.

Тараптар ортосунда соода жана жүк ташуунун өнүгүүсүнө тоскоол болгон айрым чектөөлөр жана тоскоолдуктарга өзгөчө көңүл бурулду.

Иш-чаранын соңунда Борбордук Азиянын жана Россия Федерациясынын Тышкы саясат ведомстволорунун башчылары өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча ишенимдүү пикир алмашууну туруктуу негизде улантууга кызыкдарлыгын ырасташты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK