Министрдин орун басары Айбек Молдогазиев Япониянын ТИМнин Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү, Элчи Масаки Икегами менен жолугушту

2024-жылдын 14-майында Астана шаарында өтүп жаткан «Борбордук Азия + Япония» Диалогунун жогорку кызмат адамдарынын 16-жыйынынын алкагында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Борбордук Азия өлкөлөрү боюнча Атайын өкүлү, Элчи Масаки Икегами менен эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү.

Тараптар өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда эки тараптуу кызматташуунун келечеги боюнча пикир алышты, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаровдун Японияга болгон иш сапарынын жыйынтыгы боюнча макулдашууларды ишке ашыруу боюнча сааттарын тууралашып, биргелешкен долбоорлорду талкуулашты.

Тараптар «Борбордук Азия + Япония» диалогунун алкагында жогорку деңгээлдеги иш-чараларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жапаров жана Япониянын Премьер-министр Ф.Кишида менен жолугушуу өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө күн тартибиндеги актуалдуу регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK