Минск шаарындагы «Беларусь» кинотеатрында «Кыргыз кино күндөрүнүн» ачылыш аземи болду

2021-жылдын 9-апрелинде Минск шаарындагы «Беларусь» кинотеатрында «Кыргыз кино күндөрүнүн» ачылыш аземи болду.

Иш-чарага Белорустун министрликтеринин жана мекемелеринин, чет өлкөлүк дипломатиялык миссиялардын башчылары жана өкүлдөрү, маданият ишмерлер, чыгармачыл интеллигенция, студенттер жана мекендештер катышышты.

Иш-чаранын ачылышында Кыргызстандын Белорусиядагы Элчиси Эрмек Ибраимов, Беларусь Республикасынын Маданият министрлинин кинематография Башкармалыгынын башчысы Алексей Безуглый куттуктоо сөздөрү менен чыгып сүйлөштү.

«Бул жылдагы биздин иш-чара Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына жана СССРдин, Кыргыз Республикасынын эл артисти, СССРдин Мамлекеттик сыйлыгынын Лауреаты, белгилүү кинорежиссёр Болотбек Шамшиевге арналды», - деп белгиледи Элчи өз сөзүндө.

«Ар бир жолу  «Кыргыз кино күндөрүн» өткөрүп жатып, биз мүмкүн болушунча жаӊы кинолорду көргөзүүгө аракет кылып келебиз. Бул жылы дагы ар түрдүү жанрдагы фильмдерди тандадык. Бүгүн иш-чаранын ачылыш күнү, Кыргызстандын кинематографиясынын тарыхында биринчи жолу тартылган «Дарак ыры» аттуу киномюзиклди тартуулайбыз. Бул фильм көптөгөн эл аралык жана сегиз улуттук сыйлыкка татыган. Сюжетинде улуттук салт-санаа, көчмөндөрдүн жашоосу абдан жыш камтылган. Фильмде көптөгөн символизм бар, алар жагымдуу кыргыз музыкасы менен коштолот. Бул чынында эӊ чоӊ сүйүү менен  абдан кооз тартылган фильм»,- деп белгиледи Элчи.

Мындан тышкары, иш-чаранын башка күндөрү көрсөтүлө турган «Сүтак» жана «Алые маки Иссык-Куля» аттуу фильмдер тууралуу кыскача токтолду.

Өз кезегинде, А.Безуглый «кыргыз жана белорус кинематографисттернин ортосундагы кызматташуу чынында эле салттуу. Ар жыл сайын кыргыз фильмдери биздеги кинофестивалдарда мыкты орундарды ээлеп келет, эки жолу өлкө башчыбыздын «Гуманизм жана руханий байлык үчүн» сыйлыгына ээ болушкан»-, деп белгиледи.

Иш-чаранын алып баруучусу – Беларусь Республикасынын Эмгек сиӊирген артисткасы Ирина Нарбекова өз сөзүндө «кыргыз фильмдери өзүнүн улуттук салтын, улуттук калоритетин сактап келет»,- деп айтып өттү.

2021-жылдын 9-апрелинен 11-апрелине чейин Минск шаарында өтүп жаткан Кыргыз кино күндөрү Элчиликтин демилгесинин негизинде Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясат министрлиги менен Беларусь Маданият министрлигинин колдоосу менен өтүп жатат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK