Москва шаарында Кыргыз Республикасында төрөлгөң Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, полковник, кавалер, Россиядагы кыргыз диаспорасынын ардактуу аксакалы Мамыралиев Ороз Мамыралиевичтин 95 жылдык мааракеси болуп өттү

2021-жылдын 14-декабрында Москва шаарында Кыргыз Республикасында төрөлгөң Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, полковник, кавалер, Россиядагы кыргыз диаспорасынын ардактуу аксакалы Мамыралиев Ороз Мамыралиевичтин 95 жылдык мааракеси болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чарада Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Г.-К. Самат КР Президенти С.Н.Жапаровдун О.Мамыралиевге жолдогон куттуктоо катын окуп, ага КР Президентинин жеке саатын тапшырды. Ошондой эле Элчи О.Мамыралиевге Мамлекет башчысынын резервдик фондунан бөлүнгөн 100 миң сом өлчөмүндөгү материалдык колдоо каражатын тапшырды.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н.Жапаровдун куттуктоосунда: “Сиздин басып өткөн жолуңуз келечек муундар үчүн жаркын үлгү. Сиз дүйнөдөгү эң бийик адамдык парзыңызды аткарып - баарыбызга тынчтыкты, жашоону, эркин өлкөнү тартууладыңыз. Сиздин мекенге болгон сүйүүңүздү, фашизмге каршы күрөшүүдөгү кайратыңызды жана баатырдыгыңызды эч качан унутпайбыз жана жүрөгүбүздө бекем сактайбыз. Өчпөс эрдигиңиз жана Улуу Жеңишке кошкон баа жеткис жеке салымыңыз үчүн рахмат” деп айтылат.

Ошондой эле Мамлекет башчысы О.Мамыралиевге бекем ден соолук, бакубат жашоо жана узун өмүр каалады.

Ардагер О.Мамыралиевдин 95 жылдык мааракесине карата уюштурулган майрамдык салтанатка Кыргызстандан жана Россиянын облустарынан келген коноктор, аны менен чогуу кызмат өтөгөндөр-кесиптештери жана жердештери, жакындары, ошондой эле Москва шаарынын диаспора коомчулугу, Россиядагы кыргыз диаспорасынын Аксакалдар кеңеши катышты.

Иш-чаранын катышуучуларынын көп сандаган куттуктоо сөздөрүнөн жана эсте каларлык белектер тапшырылгандан кийин концерттик программа болуп, анда М.С.Щепкин атындагы Жогорку театр училищасынын корифейи Д.Козновдун жетекчилиги астында кыргыз студиясынын биринчи курсунун студенттери, Бүткүл россиялык «Жаштар» конкурсунун лауреаты, «Евразия үнү» сыйлыгынын лауреаты А.Истамбеков, ошондой эле Москвадагы «Токтогул комдук биримдиги» коомдук бирикмесинин көркөм чыгармачыл тобунун өкүлдөрү катышты.

Маалымат үчүн: Ороз Мамыралиев 1926-жылы 26-октябрда Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусуна караштуу Токтогул районундагы Кетмен-Дөбө өрөөнүндө туулган.

О.Мамыралиев согушту 15 жашар өспүрүм кезинде тоскон. Аскер курагындагы эркектердин баары фронтко аттанганда ага мыкты окуучу катары эң жооптуу жумуш – жайлоодогу малдын эсебин алуу тапшырылган. Бир жылдан кийин 16 жаштагы өспүрүм Токтогул айылдык кеңешинин катчысы болгон.

Мектепти аяктагандан кийин согуш мезгилинде тездетилген даярдоочу айыл чарба окуу жайына айланган Жалал-Абад айыл чарба институтунун зоотехникалык факультетине тапшырган.

1944-жылы 18 жаштагы О.Мамыралиев аскерге чакырылган. Адегенде жөө аскерлерге, андан кийин чалгынга дайындалган. Борисоглебск шаарында аскерге кабыл алынгандар үчүн тездетилген окуу болуп өткөң.

Белоруссиядагы жана Чыгыш Пруссиядагы согуштан кийин жаш жоокер Москвадагы атчандар училищесине тапшырып, ал жерде атайын инструкторлор тобунун курамында советтик жогорку аскер башчыларына — маршалдар Жуковго, Рокоссовскийге, Малиновскийге жана Булганинге даярдалган жылкыларды үйрөткөн.

Согуштан кийин О.Мамыралиев Ички иштер министрлигинин полкунда эскадрилья командири, дивизиянын командири, штабдын начальниги болуп эмгек жолун уланткан. 1984-жылы полковник наамы менен пенсияга чыккан. Пенсияга чыккандан кийин ага машыктыруучу болуп калууну сунуш кылышкан. Бул жылдар аралыгында О.Мамыралиев 16 мастерди жана 20 спорт мастерине талапкерлерди даярдаган. О.Мамыралиев 2004-жылы толук эс алууга чыккан.

О.Мамыралиев ИИМдин атчандар армиясында 66 жыл эмгектенип, анын 30 жылын Россиянын ИИМнин Москва шаарындагы Башкы башкармалыгынын 1-ыкчам полиция полкунун ардагерлер кеңешинин төрагасы катары иштеген.

О.Мамыралиев 1945-жылы Москва шаарындагы Кызыл аянтта өткөн аскердик параддын катышуучусу болуп саналат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK