Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана Россиядагы кыргыз диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү

Ушул жылдын 22-сентябрында Москва шаарында Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин жана Россиядагы кыргыздардын диаспоралык уюмдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен Мамлекеттик тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өттү.

Иш-чараны "Кыргыз тили" коомунун Москвадагы жана Москва облусундагы өкүлчүлүгү уюштурду.

Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин кеңешчиси М.Жолдошбеков, "Кыргыз тили" коомунун Москвадагы жана Москва облусундагы өкүлү Б.Бапанов, ошондой эле Москвадагы кыргыз диаспорасынын лидерлери жана активисттери иш-чаранын катышуучуларына кайрылышты.

М.Жолдошбеков өз сөзүндө кыргыз тилин сактоо жана өнүктүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик саясат тууралуу айтты. Тактап айтканда, Элчиликтин өкүлү эне тилин сактоо, өнүктүрүү жана аны кийинки муундарга жеткирүү мамлекетке гана эмес, ар бир кыргыз жаранына байланыштуу экенин белгиледи. Буга байланыштуу ал Россияда жашаган мекендештерге кайрылып, балдар өз эне тилин билиши жана унутпашы үчүн үй-бүлөлөрдө балдар менен кыргыз тилинде баарлашуу аркылуу маданиятын сактоого чоң көңүл бурууга чакырды.

Иш-чаранын катышуучуларына концерттик программа сунушталып, анда Москвадагы кыргыз адабий коомдорунун мүчөлөрү ырларын окуп беришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK