«Нооруз» жазгы майрамына карата, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бишкек шаарынын Мэриясы менен биргеликте кайрымдуулук дипломатиялык жарманкесин өткөрдү

2019-жылдын 21-мартында «Нооруз» жазгы майрамына карата, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Бишкек шаарынын Мэриясы менен биргеликте кайрымдуулук дипломатиялык жарманкесин өткөрдү

Иш-чаранын ачылышында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков, ошондой эле Бишкек шаарынын Мэри А.Суракматов, Россиянын КРдагы Элчиси Н.Удовиченко, Азербайжандын КРдагы Элчиси Г.Оруджев жана Кыргызстан элинин Ассамблеясынын Кеңешинин төрагасынын милдетин аткаруучу З.Шидакова куттуктоо сөз менен чыгып сүйлөштү.

Өз сөзүндө Министр Ч.Айдарбеков кайрымдуулук дипломатиялык жарманкесин өткөрүү Ноорузду майрамдоодо жакшы салт катары кабылданып жатканын, бул борборубуздун меймандары менен жашоочуларына башка элдердин жана өлкөлөрдүн маданияты, салттары менен жакындан таанышууга, рухий баюуга мүмкүнчүлүк берерин, ошондой эле көрүүчүлөр менен катышуучулардын арасында жылуу, жакшы атмосфера түзөрүн белгиледи. Иш-чарадан түшкөн каражаттар республиканын социалдык регионалдык мекемелеринин бирине берилерине көңүл бурулду.

Жарманкеге 20дан ашык чет өлкөлүк элчиликтер, ардактуу консулдуктар катышып, улуттук тамак-аштарды, ар кандай сувенирлерди, колдон жасалган жана дизайнерлик буюмдарды көрсөтүштү, ошондой эле  улуттук чыгармачылык жамааттардын жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн майрамдык концерти болду.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK