Новосибирск шаарында «Кыргызстандагы Тоо туризмин популяризациялоо» сүрөт көргөзмөсүн өткөрүлгөнү туралуу

2024-жылдын 4-июнунда КРнын Новосибирск шаарындагы Башкы консулдугу Россиянын Илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Мамлекеттик коомдук илимий-техникалык китепканасы менен биргеликте китепкананын аянтында «Кыргызстанда тоо туризмин популяризациялоо» сүрөт көргөзмөсүн уюштурду. Сүрөт көргөзмөнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Альпинизм федерациясынын мүчөлөрүнүн китебтеринин презентациясы өткөрүлдү.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышында КРнын Башкы консулу А.Айдарбеков куттуктоо сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын туристтик потенциалы жана тоо туризминин жана альпинизмдин мүмкүнчүлүктөрү тууралуу айтып берди.

Ошондой эле, иш-чарада КРнын Альпинизм федерациясынын мүчөлөрү тарабынан «Чоң-Алай энциклопедиясы» жана «Кыргызстан – экстремалдык спорттун тарыхы» аттуу китептердин презентациясы болуп, аталган китептер Россия илимдер академиясынын Сибирь бөлүмүнүн Мамлекеттик коомдук илимий-техникалык китепканасына өткөрүлүп берилди.

Иш-чарага Новосибирск облусунун губернаторунун администрациясынын, Россия Федерациясынын Тышкы иштер министрлигинин, облустук мамлекеттик жана коомдук түзүмдөрдүн өкүлдөрү, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү, илимпоздор, саякатчылар, альпинисттер, маданият ишмерлер жана кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK